Ошто батирлерге уурулукка кирип жүргөн жаран кармалды

 Ошто батирлерге уурулукка кирип жүргөн жаран кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында үй уурулукка шектелип О. уулу Т. аттуу жаран кармалды.

Анын убактылуу жашаган үйүнөн жалпы 13 батирге таандык болгон сатыла элек буюмдар табылган.Шектүү 1990-жылы Алай районунда туулган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү уурулук иштерин жуманын ишемби-жекшемби күндөрү, үй ээлери эс алууга же айылга жөнөп кеткенде жасаган.Ал эми ачкычтарды ошол эле батирлердин айланасынан, жерге төшөлгөн килемченин алдынан, өрткө каршы атайын орнотулган жабдуулардын үстүнөн, ташка бастырылып коюлган жеринен алып, батирлерди ачып кирген.Шектүү Ош шаарындагы Масалиев көчөсүнүн тургуну 1991-жылы туулган М.Ж. аттуу жарандын үйүнө 30-июль күнү түнкүсүн уурулукка кирген. Ал үйдөн 55 миӊ сом накталай акча, баасы 35 миӊ сом болгон алтын сөйкө жана 65 миӊ сомдук алтын чынжырчаны уурдап кеткен.Ачкычты өрткө каршы жабдуулардын үстүнөн эле тапкан. Үй ээси ошол жерге коюп кеткендигин билдирген.Ал 6-августта кармалып, Ош шаардык соту 2 ай абакта кармоо боюнча чечимин чыгарган.

Жанылыктар