Ошто батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды

Ош шаарындагы батирлердин биринен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
“Куткаруучулар Увам көчөсүндө жайгашкан батирдин бекилип калган эшигин ачышканда, үйдүн ичинен 40-45 жаштагы (аты жөнү такталууда) эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Эшик ачууга Ош шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган”- деп айтылат маалыматта.