Ошто батирден адамдын жансыз денеси табылды

 Ошто батирден адамдын жансыз денеси табылды

Ош шаарында батирден адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, окуя Алай көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде болгон.   Аталган  даректин тургуну  байланышка чыкпай жаткандыгы жана батирдин эшиги бекилип калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.  Ош шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылып, батирдин бекилип калган эшигин ачышканда, ичинде 53 жаштагы А.М. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Маркумдун сөөгү  милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Жанылыктар