Ошто бала бакчадан өрт чыкты

Ош шаарындагы “Мөл-Булак” бала бакчасынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык калаадагы Раимбеков көчөсүндө жайгашкан балдар бакчасында болгон. Өрттү өчүрүүгө саат 08:45те Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 09:00дө чектөөгө алынгып, саат 09:28де толук өчүрүлгөн.
Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.
https://www.facebook.com/100013488556890/videos/336187101526401/