Ошто бакчада бала сабалды делген маалымат териштирилүүдө

Ош шаарындагы бала бакчалардын биринде сабалган баланын видеосу соцтармактарда тарап, талкууга алынууда.
Окуя калаадагы “Карагат” балдар бакчасында катталгандыгы аныкталды.
Бул боюнча шаардык ички иштер башкармалыгына 6-сентябрь күнү маалымат келип түшкөн. Анда 2021-жылы туулган С. А. аттуу бала бала бакчада денесинен жараат алып, Ош облустук балдар ооруканасына кайрылгандыгы айтылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө жарат алган баланын апасы баласы С. А.эки айдан бери жогоруда аталган балдар бакчасанда тарбияланып жаткандыгын жана 5-сентябрь күнү баласын бакчадан алып кетүү үчүн барганда денесинде көк тактарды байкагандыгын билдирген.
Ал эми балдар бакчанын директору жарат алган баланы тайпада окуган Р. А. аттуу кыз уруп койгондугун айтты.
Бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми жабырлануучу С. А.га карата соттук- медициналык экспертизалар дайындалды.