Ошто ата-энелер бала бакчада ашыкча акча чогултулуп жатканын айтып чыгышты

Ош шаарынын Жапалак айылында ата-энелер №73 бала бакчада ашыкча акча чогултулуп жатат деп нааразычылык билдирип чыгышты. Алар бала бакчага иштей турган жетекчи шайлап берүүнү талап кылышты.
Ата-энелер бала бакчада тамак-аш үчүн 800 сом, башка чыгымдар үчүн 170 сом, септикке 50 сомдон топтолгонун айтса, шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү сепикке акчаны мамлекет төлөп берип жатканын белгиледи.
Ата-энелердин бири Дамирбек Ашимбековдун айтымында, бала бакчада тамак-аш начар, бир орунда экиден бала жатат жана жууркандар жуулбай калып жатат. Аталган бала бакча 145 орунга ылайыкталып курулса, азыр 230дай бала тарбияланат.
“Силер текшергени келесиңер. Бул жердеги мугалимдер 6-7 миң сом айлык алышат. Комиссия келгенде алган айлыгынан ар бири миң сомдон топтоп силерге берип жатат. Эртеси бала бакча өз билгенин кыла берет. 800 жүз сомдон сырткары дагы 170 сомдон эмнеге беришибиз керек”,- деди Дамирбек Ашимбеков.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Аматова бала бакчада топтолгон 150 сомго эч ким аралашпаганын, ал ата-энелердин сунушу болгонун билдирди.