ОшТВ телерадиокомпаниясы

Ошто “Альянс” саясий партиясынын мүчөсү добуш сатып алуу фактысы менен кармалды

 Ошто “Альянс” саясий партиясынын мүчөсү добуш сатып алуу фактысы менен кармалды

Партия мүчөсү  элдин добушун сатып алуу үчүн 16000 сом акча берген. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди. 26-ноябрь күнү Ош шаарынын тургуну 1983-жылы туллган С.К., (аял киши) аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө тийиштүү күбөлөр суралып, топтолгон материалдардын негизинде С.К., 16 000(он алты миң) сом акча бергендиги аныкталды. Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери Ош ШИИБнын тергөө кызматы тарабынан уланууда.

Жанылыктар