Ошто алты жашар кызды зордуктоодо күнөөлүү деп табылган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

 Ошто алты жашар кызды зордуктоодо күнөөлүү деп табылган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда 6 жашар кызды зордуктоодо күнөлүү деп табылган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук сотунун өкүмү менен, Н.у. А. аттуу жаран 6 жаштагы кыздын алсыз абалынан пайдаланып, ага карата өзгөчө мыкаачылык менен ыплас формадагы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы, анын ден-соолугуна физикалык жана психологиялык залал келтиргендиги үчүн, “зордуктоо” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Райондук прокуратура бул өкүмгө макул эместигин билдирип, анын жазасы жасалган кылмыштын оордугуна дал келбегендиги үчүн апелляциялык сунуштама келтирген.

Натыйжада, Ош облустук сотунун өкүмү менен апелляциялык сунуштама канааттандырылып, Н.у. А. карата өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалды.

Жанылыктар