Ошто алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 Ошто алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 25-январь күнү 37 жаштагы жаранды автоунааларга байланышкан алдамчылыкка шектеп кармады. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен бир жаран кайрылган. Анда ал 2020-жылы “Сагыныч” аттуу чала тааныш адам  “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү  унааны арзан баада Кореядан алып келип берем деп ишенимге кирип, жабырлануучуну алдоо менен 125000 сомун алган. Андан соң, унааны алып келип бербей, же акчасын кайтарбай  койгон. Шектүү жабырлануучу коркутуп, милицияга кайрылбоосун айткан.

Факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, Баткен облусунун тургуну 1985-жылы туулган С.Сдин  тиешеси бардыгын аныкташкан. Мурда ал бир нече жолу оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон. Алынган маалымат боюнча шектүү  уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

2022-жылдын 25-январь күнү Ош ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Ош шаарында жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1985-жылы туулган С.С. кармалды.

Кармалган жаран Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Жанылыктар