Ошто алдамчылыкка шектелген жубайлар кармалды

 Ошто алдамчылыкка шектелген жубайлар кармалды

Ош шаарында алдамчылыкка шектелген жубайлар кармалды. Алардын үстүнөн милицияга 13 арыз түшкөн. 

Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдиргендей, 26 жаштагы А. М. жана анын аялы 20 жаштагы И. Г  бир нече алдамчылык кылмыштарга шектүү катары кармалып, күйөөсү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизиди. Аялынын боюнда бар болгондугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Алар экөө теӊ мурда башка кылмыштары үчүн соттолуп чыгышкан.

“Жубайлардын үстүнөн Ош шаарынын аймагындагы жеке такси кызматын көрсөтүшкөн айдоочулардан арыздар келип түшкөн. Бул кылмыштуу үй- бүлө такси айдоочулардын кызматынан пайдаланып, андан соӊ, мобилдик телефондорун ар кандай жалган шылтоолорду айтышып, чалып алуу үчүн телефондорун убактылуу сурап турушкан. Телефон ээси саамга алакый түшкөн учурда из жашырып кетип турушкан. Жабырлануучулардын биринин арызына караганда, шектүү И.Г. аны Ош шаардык ооруканасына чейин жеткирип коюуну өтүнгөн. Андан соӊ «апам ооруканада жатат. Кандай дарылар керек экендигин дарыканадан сурап билип алайын, телефонуӊузду берип турунуз, меники заряды түгөнүптүр» деп алдап, изин жашырган”, – деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүүлөрдүн үстүнөн алдамчылык боюнча (209-берене) тергөө иштери жүрүп жатат.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө тобу бул жубайлардан жабыр тарткандар болсо төмөндөгү 0550-88-08-08 жана 0779-86-15-79 номерлери аркылуу байланышка чыгып коюуну суранат.

Жанылыктар