Ошто алдамчылыкка шектелген коӊшу өлкөнүн жараны кармалды

 Ошто алдамчылыкка шектелген коӊшу өлкөнүн жараны кармалды

Сүрөттө кармалган шектүүнүн жасалма күбөлүгү

Ош шаарында алдамчылык менен шектелип качып жүргөн коӊшу өлкөнүн жараны Ш.У. кармалды. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, ал былтыр 12-сентябрда Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунун тургунун алдоо жолу менен 615 550 накталай акчасын жана «Тойота» үлгүсүндөгү баасы 15 миӊ доллар турган автомашинасын алдап алып, изин жашырып кеткен.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүү Ш.У. Ош шаарынын түштүк-чыгыш аймагында жайгашкан муз тебүүчү аянтча менен бассейнди жабырлануучуга «менин менчигим, аларды, бардык тетиктерин сатамын» деп, жогорудагы белгиленген суммага сатып, акчасын жана машинасын алып, изин жашырып кеткен. Чындыгында ал обьекттер бул шектүүгө таандык эмес жана эч кандай тиешеси жок болгон. Кармалган учурда анын жанынан «тоо-токой коомдук фондуна» таандык жасалма күбөлүк чыккан.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланып жатат. Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Шектүү Ш.У. коӊшу өлкөнүн жараны, мурда 6 жолу соттолгон. Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө кызматы бул шектүүдөн жабыр тарткандар жарандар болсо төмөндөгү 102 жана 0703 22-20-20 телефондоруна кабарлап коюуну суранат.

Жанылыктар