Ошто акысыз укуктук-кеңеш берүү иш-чарасы башталды

Юстиция министрлиги тарабынан Калкка акысыз укуктук-кеңеш жардам көрсөтүү боюнча 6-декабрдан 15-декабрга чейин декада өткөрүлүүдө.
Декаданы калк көп болгон жайларда өткөрүү пландалган. Кечээ, 8-декабрь күнү Ош шаарынын борбордук базарынын аймагында саат 10-30дан 15-00гө чейин тургундарга акысыз юридикалык кеңеш берилди.
Ушундай эле иш-чара 10-декабрь күнү Өзгөн районунун борбордук базарынын аймагында саат 10-30дан 15-00гө чейин;
14-декабрда Кара-Суу районунун борбордук базарынын аймагында саат 10-30дан 15-00гө чейин;
15-декабрь күнү Ноокат районунун борбордук базарынын аймагында саат 10-30дан 15-00гө чейин өткөрүлө тургандыгы айтылды.
Калкка акысыз укуктук кеңеш берүүгө юстиция башкармалыгынын кызматкерлери, нотариустар, адвокаттар менен биргеликте Салык кызматынын өкүлдөрү да тартылууда.