Ошто адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Кара-Суу районунун Кенжекул айылынан белгисиз жаран каза болгон абалда Кара-Суу райондук ооруканасына келгендиги боюнча маалымат түшкөн.
«23-июнда Кара-Суу районунун Кенжекул айылынын кире беришинде жана ушул эле районго караштуу Курбан-Кара айылынын тургуну 26 жаштагы С.Ж., менен Савай айыл аймагынын 36 жаштагы тургуну У.А., атуу жарандардын ортосунда карыз акча боюнча пикир келишпестиктен оозеки кайым айтышуу болуп, С.Ж., өзү менен кошо алып келген бычагы менен У.А. аттуу жарандын денесине бир нече жолу сайып жиберген», — деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында бычак жеген жаран алган жаратынан ооруканага жетпей каза болгон. Маркумга карата денесине кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Факт Кылмыш жаза кодексинин 122-берененин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козголгон.
Учурда шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө амалдары жүрүп жатат.