Ошто 75 орундуу бала бакчанын кошумча имараты пайдаланууга берилди. Сүрөттөр

 Ошто 75 орундуу бала бакчанын кошумча имараты пайдаланууга берилди. Сүрөттөр

Ош шаарынын Учар айылындагы “Ширинтай” балдар бакчасына кошумча 2 кабаттан турган 75 орундуу имарат курулуп, бүгүн 27-январда пайдаланууга берилди. Имараттын ачылышына шаардын вице-мэри Венера Рыскулова, ата-энелер жана билим берүү кызматкерлери катышты.

Буга чейин конуштагы жалгыз бакчада жеткинчектердин саны өсүп, кезек күтүү көбөйгөн. Жаш жеткинчектердин кошумча имаратын түптөөгө калаа казынасынын 24 млн 328 миң сом бөлүнгөн. Кошумча корпуста балдар үчүн ыңгайлуу бөлмөлөр, ашкана жана ойноо аятчасы курулган.

Наристелерди кабыл алуу электрондук кезек аркылуу гана жүргүзүлүп, санарипттик программадагы билим сабагы ишке кирген.

Айтсак, Ош шаарындагы калк жыш жайгашкан кичи райондорго 3 жылдан аралыгында 7 билим уя курулган. Шаарда балдардын бакча менен камсыз болушу 44 пайызды гана түзгөндүктөн, үнөмдөлгөн каражатка билим берүү мекемелерин куруу быйылкы жылы дагы пландалып жатат.

Жанылыктар