Ошто 500 өспүрүмдүн катышуусунда балаты майрамы болду

Бүгүн, 27-декабрда Ош шаарынын мэринин «Алтын балаты — 2022» аттуу жаңы жылдык балатысы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Балаты майрамына калаадагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энесинен ажыраган балдар, жакшы окуган окуучулар болуп жалпы 500 өспүрүм катышты.
Бул жылдагы мэрдин балатысы өзгөчөлүктөр менен коштолду. Иш-чара Ош улуттук драма театрында өтүп, имараттын коридоруна жомок каармандарынын 3D форматындагы сүрөттөрү коюлган. Майрамдык концертте балдар сүйгөн жомоктордон сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлүп, атайын даярдалган ыр-бийлер менен коштолду.
Мэр Алмаз Мамбетов балдарды жаңы жылы менен куттуктады. Шаар башчы балдардын окууларына ийгилик каалап, ата-энесин сыйлаган, мекенин сүйгөн инсан болгула деген тилегин айтты.
Иш-чаранын алкагында балдарга жаңы жылдык белектер берилди.