Ошто 320 жарандын турак-жайынын техникалык паспорту даярдалды

 Ошто 320 жарандын турак-жайынын техникалык паспорту даярдалды

Ош шаарында 30 жылдан бери үйлөрүнө ээлик кыла албай келген Жапалак айылдык башкармалыгындагы Мээркан айылынын 20 тургуну үйлөрүнүн техникалык паспортторун алышты. Документти калаа мэри Алмаз Мамбетов тапшырды.

Турак-жайларын мыйзамдаштыра  албай жүргөн жарандар балдарынын дагы өздүк документи алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн кубануу менен билдиришти.

Ошонжой эле, калаада дагы 320 жарандын жеке турак-жайынын техникалык паспорту даярдалды. Министрлер Кабинетинин соңку токтомуна ылайык айыл чарба жерлерине мыйзамсыз курулуп калган үйлөрдү документтештирүү калаанын жаңы конуштарында дагы жүрүүдө.

Экинчи борбордо 159 гектардагы кыймылсыз мүлк иликтөөгө алынып, 800 турак-жайдын техникалык паспорту жоктугу аныкталган. Мобилдүү топтордун документтештирүү жараянынын алкагында 320 жарандын ак өргөлөрүнүн техникалык баракчалары даярдалды. Жыл аягына чейин тапшырылаары кошумчаланды.

Жанылыктар