Ошто 30 гектар үлүш жерди мыйзамсыз сатууга шектелген депутат үй камагына чыкты

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүндө мыйзамсыз жер сатууга шектелип кармалган жергиликтүү кеңештин депутаты Хусанбай Мусаев үй камагына чыкты. Мындай чечим райондук сот тарабынан кабыл алынды.
Соттун чечиминде Хусанбай Мусаев жабырлануучунун келтирилген чыгымын толугу менен төлөп бергени, өнөкөт ооруусу күчөп жаткандыгына байланыштуу жана эч жака кетпөө шарты менен үй камагына чыгарылганы айтылат.
Деген менен жабырлануучулардын дагы бири Замира Сулайманова эч кандай келтирилген чыгымдар төлөнүп берилбегенин белгиледи.
“60 сотых жеке менчик сугат жеримди Шарк айыл өкмөтүнүн жер адистери айыл өкмөт башчысы жана айылдык кеңештин депутаттары тарабынан менин жеримди ур-токмокко алышып, жерди белгисиз адамдарга сатып жиберишкен. Бул боюнча мен милицияга кайрылганмын. Мага чыгымдарымды төлөп, же үлүш жеримдеги курулуштардан бошотуп берген жок”,- деди Сулайманова.
Буга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев жергиликтүү кеңештин депутаты Хусанбай Мусаев үлүш жерлерге токтом чыгарып, кызыл китеп жасап бергенин, жыйынтыгында 20дан ашуун жергиликтүү тургандар жабыркаганын билдирген.
Былтыр февраль айында журналисттер иликтөө жүргүзүп, Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндө турак-жай куруу үчүн мыйзамсыз сатылган 30 гектардан ашуун үлүш жерди аныктап чыккан.