Ошто 20 жаштагы кыз 12-кабаттан кулап, каза болду    

 Ошто  20 жаштагы кыз 12-кабаттан кулап, каза болду    

Ош шаарында  кыз 12-кабаттан секирип, кулап каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык  ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя бүгүн түнкү саат 03:00дө болгон.

«А.Масалиев кеӊ көчөсүнүн 44-дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйүнүн 12-кабатынан, өзү жашаган үйдүн ашканасынан  2001-жылы туулган кыз түшүп кетип каза болду. Ал Ош шаарындагы орто окуу жайларынын биринин 2-курсунун студенти, Кадамжай районунун тургуну. Окуя болгон үйдө убактылуу  жашап турган. Учурда окуянын себептери иликтенүүдө, тиешелүү күбөлөр суралууда», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Жанылыктар