Ошто 18,7 миллион сомго бааланган жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды

 Ошто 18,7 миллион сомго бааланган жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды

Ош шаарында жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ош мэриясынын 2002 жана 2004-жылдардагы токтомдору менен 16,44 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган жер тилкелери боюнча шаардык прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, жыйынтыгында жер тилкелердин укук берүүчү иш кагаздары жараксыз деп табылды.

Натыйжада прокурордук талаптын негизинде 18 миллион 700 миң сомго бааланган жер тилкелер муниципалдык менчикке кайтарылды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар