Ошто 13 жаштагы өспүрүм бешинчи кабаттан боюн таштап каза болду

 Ошто 13 жаштагы өспүрүм бешинчи кабаттан боюн таштап каза болду

Кечээ, 23-февралда Ош шаарында 13 жаштагы өспүрүм бешинчи кабаттан боюн таштап каза болду. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, каза болгон өспүрүм А. Шакиров көчөсүнүн беш  кабаттуу 11-үйүнүн там башынан кулап каза болгондугу аныкталган. Анын өмүрүн акыркы минуттарында жанында болгон теӊтушунун айтуусуна караганда ошол күнү кечки саат 18.00 чамаларында каза болгон бала менен чогуу там башында чогуу отурган.

“Теӊтушунун көрсөтмөсүнө караганда, адегенде жалпысынан 5 өспүрүм там башында болушкан, үч өспүрүм эрте эле түшүп кетишкен. Там башында каза болгон бала менен теӊтушу калган. Ошол учурда маркум теӊтушунун телефонун сурап алып, бир кызга видеочалуу аркылуу сүйлөшүп, аягында «кош бол, мени кечир» деп айткан. Телефонду кайтарып берген соӊ, «Апа, мени кечир» деп айтып, капыстан өзүнүн боюн таштап жиберген. Телефонун берип турган теӊтушу анын мындай чукул каадамга барып, боюн таштап жиберээрин күтпөгөн”,- деп айтылат маалыматта.
Күбө катары суралышкан теӊтуштарынын, жакындарынын берген көрсөтмөсүнө караганда ал: «Мен өлөмүн, март айында жок боломун, мени көрбөйсүнөр» деп айтып келген.
Факт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Жанылыктар