Телерадиокомпания

Ошто 1000 сомдон таратып жүргөн саясий патиянын 2 үгүтчүсү кармалды

 Ошто 1000 сомдон таратып жүргөн саясий патиянын 2 үгүтчүсү кармалды

Ош шаарында саясий партиялардын биринин эки үгүтчүсү  кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, шаардын тургундары милицияга кайрылып, эки аял шайлоодо добуш сатып алуу максатында тургундарга 1000 сомдон таратып жүргөнүн билдиришкен. Иликтөө иштеририн жүрүшүндө  25-ноябрга караган түнү шектүү катары эки аял кармалып, алардын жанынан акча табылган.

Учурда кармалган аялдар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланып жатат.

Жанылыктар