Ошто 10 мыйзамсыз курулуштун электр энергиясы өчүрүлдү

 Ошто 10 мыйзамсыз курулуштун электр энергиясы өчүрүлдү

Ош шаарында 10 мыйзамсыз курулуштун электр энергиясы жана суусу өчүрүлдү. Алардын жетөө көп кабаттуу үйлөр, үчөө кафе-ресторандар. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын Шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жыргалбек Нурдунов “Ош ТВ” телеканалына билдирди.

19-октябрда Ош шаардык мэриясында өткөн жыйында атайын токтом кабыл алынган. Мында электр энергиясы,суусу жана газ өчүрүлөт деп тиешелүү кызматтарга тапшырма берилген. Иш Архитектуралык курулуштук контролдоо боюнча Ош шаардык башкармалыгы тарабынан көзөмөлгө алынып аткарылат. Алгач соттук иштери жылдап созулган, эскертүүлөргө баш ийбеген же документтери такыр эле толук эмес курулуштардан иш башталды”, – деди Нурдунов.

Маалымат боюнча “Альшараф” курулуш компаниясынын Ысакбек Монуев көчөсүндөгү 9 кабаттуу турак-жайында, “Эмаком” компаниясына таандык 2 курулуш имаратында, “Стандарт Строй ЛТД” компаниясынын “Авангард” турак жайында коммуналдык кызматтар өчүрүлгөн.

Белгилей кетсек, Ош шаарында жалпы 18 көп кабаттуу үйдүн курулушу мыйзамсыз.

Жанылыктар