Ошто 1-апрелден тартып жылуулук берүү токтотулат

Ош шаарында 1-апрелден тарта жылуулук берүү токтотуларын калаа мэриясынан билдирди.
Эреже боюнча абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болсо жылуулук берүү токтотулат. Ага ылайык, 1-апрелден тарта шаар аймагында жылуулук өчүрүлөт.
Кышкы жылытуу мезгилин аяктоо боюнча буйрукка мэр Алмаз Мамбетов кол койгон.