Ошто Өзбекстанга өтүүчү жер алдындагы өтмөк табылды. Видео

 Ошто Өзбекстанга өтүүчү жер алдындагы өтмөк табылды. Видео

Ош облусунда Кыргызстандан Өзбекстанга өтүүчү жер астындагы өтмөк табылды. Бул туурасында Чек ара кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, өтмөк чек арага жакын жайгашкан үйлөрдүн биринен табылган. Ал түштүк Фергана каналынын астынан өтүп, Өзбекстандын айылдарынын бирине киргени аныкталган.

Шаты менен жабдылган өтмөктүн бийиктиги 1,5 метр, туурасы 80 сантиметрди түзөт. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, узундугу 200 метрге чейин жетет.

Бул факты боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар