Ошто Өзбекстандан алып келинген автобустар каттамга чыкты

Ош шаарында Өзбекстандан алып келинген жаңы автобустар каттамга чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, алар төрт багыт боюнча бөлүштүрүлдү:
№10 автобус линиясы – “Амир-Тимур” МАБдан (Он-Адыр кичи району) шаардык төрөт үйүнө чейин каттайт;
№9 автобус линиясы – “Туран” МАБдан (Южный кичи району) Ак-Тилек кичи району аркылуу борбордук базарга чейин каттайт;
№53 автобус линиясы – Жапалак айыл аймагына караштуу Мээркан айылынан борбордук базарга чейин;
№6 автобус линиясы – Жапалак айыл аймагына караштуу Соколок айылынан Юго-Восток кичи районуна чейин (Курманжан-Датка МАБ).