Ошто өспүрүм кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө башталды

 Ошто өспүрүм кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө башталды

Ош шаарында өспүрүм кыздарды папиллома вирусуна (АПВ) каршы эмдөө иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмдөө мектептердеги ден соолукту чыңдоочу борборлордо акысыз жүргүзүлөт. 2022/2023-окуу жылынын аралыгында 11 жаштагы кыздардан тышкары 12-14 жаштагы кыздарга да АПВ вакцинасы берилет. Вакцина алты ай аралыгында эки жолу берилет.

Эмдөө Кыргыз өкмөтүнүн “Дени сак адам – гүлдөгөн өлкө” программасынын алкагында 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун коргоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү максатында жүргүзүлүп жатат.

Ош шаарында “Гардасил” вакцинасы бар, шаардагы бардык ҮМБларга 14 360 доза таратылды. Калаада 11 жаштан 14 жашка чейинки 14 миң 59 кыз эмдөөдөн өтөт.

Дарыгерлер, жатын моюнчасынын рагы аялдарда эң көп кездешкен үчүнчү рак болуп саналат жана дүйнө жүзү боюнча коомдук саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйү экенин белгилешет.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, жатын моюнчасынын рагы Кыргызстанда аялдардын онкологиялык оорулардан өлүмүнүн негизги себеби болуп саналат жана жыл сайын 300дөн ашуун өлүмгө алып келет.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар