Ошто үлүш жерге курулган курулуштардын кызыл китеби жокко чыгып, сүрдүрүлө баштады

 Ошто үлүш жерге курулган курулуштардын кызыл китеби жокко чыгып, сүрдүрүлө баштады

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнүн Падаван айылында мыйзамсыз берилген алты кызыл китеп жокко чыгарылып, ал жерге курулган курулуштар сүрдүрүлө баштады. 

Сот аткаруучулар аталган айылдын мурдагы башчысы Улукбек Султанов курган фундаментти сүрдүрүштү. Жабырлануучу Махмуджан Сулайманов 41 сотых үлүш жерине курулуш курулуп кеткенин, аны толугу менен сүрдүрүп, жерин бошотуп берүүнү талап кылды.

Буга чейин аталган жерди сатууга шектелип, жергиликтүү кеңештин депутаты Хусанбай Мусаев кармалып, кайрадан үй камагына чыгарылган.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев жергиликтүү кеңештин депутаты Хусанбай Мусаев үлүш жерлерге токтом чыгарып, кызыл китеп жасап бергенин, жыйынтыгында 20дан ашуун жергиликтүү тургандар жабыркаганын билдирген.

Жанылыктар