Ошто үч жетекчи жазаланды

Ош шаарында үч муниципалдык ишкана жетекчиси тартиптик жазага жыгылды. Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле жасабагандыктары үчүн жана документтер менен иштөөнү уюштуруу, көзөмөлгө алуу жана аткаруу маселелерине кош көңүл карагандыктары үчүн ушундай чара колдонулду.
Маалыматта айтылгандай, Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын башчысы Э.Аралиевге “Эскертүү”, Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы муниципалдык ишканасынын башчысы Н.Исмаиловго “Эскертүү”, Ош шаардык жолдор муниципалдык ишканасынын башчысы А.Жунусовго “Сөгүш” тартиптик жазалары берилди.