“Ошэлектронун” жетекчисинин мурдагы орун басары кармалды

 “Ошэлектронун” жетекчисинин мурдагы орун басары кармалды

Мирбек Гуронов

“Ош электро” ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Мирбек Гуронов кармалды. Бул тууралуу жеке булактар билдирди. 

Маалыматка ылайык, Гуронов “коррупцияга” шектелип Ош шаардык прокуратурасы тарабынан кармалган.

“Ал кызмат абалынан пайдаланып, мыйзамсыз тарифти которуп, 15 миллион акча каражатын өзүнүн кызыкчылыгына иштетип жиберген”,- деп билдирди жеке булак.

Гуронов учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин Ош шаардык прокуратурасы тарабынан “Ош электро” ишканасынын мурдагы жетекчиси Дыйканбай Даминов да кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси менен кармалган болчу.

Жанылыктар