“Ошэлектронун” кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Ош облустук прокуратурасы “Ошэлектронун” кызмат адамдарына кылмыш иши козгоду. Бул тууралуу башкы проуратуранын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, “Ошэлектр” ААКнун кызмат адамдары ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалынышып 21 млн. 972 миң 120 сомдук кепилдик камсыз кылуучу төлөмдөрдү аталган ачык акционердик коомдун жеке кызыкчылыктарына коротуп жиберишип, ишкерлердин укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган.
“2018-2022-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулардын алкагында ишкерлер (берүүчүлөр) тарабынан конкурстук табыштамаларды жана келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуучу төлөмдөр катары түшкөн 28 млн 291 миң 746 сомдук акча каражаттардын ичинен 21 млн. 972 миң 120 сомдук акча каражат “Ошэлектр” ААКнын кызматкерлеринин айлык акыларын төлөп берүүгө, салыктан болгон жана башка карыздарын жоюуга пайдаланып жиберилген”,- деп айтылат маалыматта.
Факты боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.