“Ошэлектро” ишканасынын дагы эки кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

 “Ошэлектро” ишканасынын дагы эки кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

“Ошэлектро” ишканасынын дагы эки кызматкери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары “Ошэлектр” ААКнын ички көзөмөл секторунун тескөөчүсү К.М.А. жана Өзгөн РЭТ ишканасынын башкы инженери Г.М.М. кармалышып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Башкы прокуратура тарабынан “Ошэлектр” ААКнун жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарышып, бул аракеттерден улам 134 млн 404 миң 877,09 сомдук зыян келтирген факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголгон”,- деп айтыат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин аталган кылмыш ишине шектүү катары “Ошэлектр” ААКнун мурдагы жетекчиси Д.Д.И. жана Ноокат РЭТ ишканасынын мурдагы жетекчиси А.И. кармалышкан.

Азыркы тапта, кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө амалдары улантылууда.

Жанылыктар