“Ошэлектр” ишканасы  кесиптик майрамга карата жаңы техникалуу болду  

 “Ошэлектр” ишканасы  кесиптик майрамга карата жаңы техникалуу болду  

Бүгүн, 22-декабрь  Энергетика күнүнө карата “Ошэлектр” ишканасында  салтанаттуу жыйын болуп, ага ведомство өкүлү, жергиликтуу бийлик өкүлдөрү жана  ишкана жамааты  катышты.  Анда бир катар  кызматкерлер жумушундагы артыкчылыктары үчүн   Ардак грамота  жана баалуу сыйлыктарга  ээ болду.

Ошондой эле, майрамга карата ишкана жаңы техникалар менен толукталды.   «Ошэлектр» ААКтын 2021-жылга түзүлгөн сатып алуулар планынын негизинде, 13 даана Hyundai Porter автоунаасы,  2 даана «Беларус» экскаваторлору жана CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын АРИС агенттигинин каржылоосу менен 1 даана JCB экскаватору алынды.

Бул техникалар ишкананын өз эсебинен алынып, бүгүнкү күндө атайын буйруктун негизинде райондук электр тармактар ишканаларына бөлүнүп берилди.

Жанылыктар