“Ош Жибек Жолунун провайдери” аттуу шаардын эн белгиси тааныштырылды

 “Ош Жибек Жолунун провайдери” аттуу шаардын эн белгиси тааныштырылды

Ош шаары туризмдин борборуна айланат. Бугүн 17-декабрда “Ош Жибек Жолунун провайдери” аттуу калаанын бренди тааныштырылды. Иш-чара шаардын эн белгисин ойлоп табуу, туризмди өнүктүрүүгө багытталган.

Ага ылайык, калаанын брендинин жеке сайты, атайын видеороликтери, логотиптери жасалып чыкты.

Эске салсак, буга чейин шаардык мэрия калаанын эн белгисин иштеп чыгуу үчүн 2 айлык конкурс жарыялаган. Аны Россия Федерациясынын жараны Михаил Чулин жеңди. Шаар мэри Алмаз Мамбетов жеңүүчүгө 100 000 сом акчалай сыйлык тапшырды.

Орто Азия шаарларынын ичинен өз брендин алгачкы жолу Ош шаары иштеп чыкты.

Жанылыктар