Ош юридикалык институтунун окутуучулары ОшМУга нааразылыгын билдиришти

 Ош юридикалык институтунун окутуучулары ОшМУга нааразылыгын билдиришти

Ош юридикалык институтунун окутуучулары ОшМУга нааразылыгын билдиришти. Алардын үнүн кабарчыбыз Абдумалик Базарбаев угуп келген.

Маалыматта айтылгандай, Ош юридикалык институту ушул жылдын август айында Ош мамлекеттик окуу жайынын карамагына өткөн. Окутуучулар ошондон бери айлык маяналарын алыша элек.

“Нааразычылыктан улам институттун эмгек жамааты менен жолугушууга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков келди. Ал катачылыктар тез арда  жоюлуп, каражат меселеси чечилерин убада кылды”,-деп айтылат маалыматта.

Ош юридикалык институтунун окутуучулары буга чейин сабак бөлүштүрүү калыс болбой жатканын айтышкан. Аталган окуу жайда 100дөн ашык адам эмгектенет.

Жанылыктар