Ош ТВ: “5737 гектар жер коңшу өлкөгө өтүп кетти”-деген маалымат жарыяланган эмес

 Ош ТВ: “5737 гектар жер коңшу өлкөгө өтүп кетти”-деген маалымат жарыяланган эмес

Урматтуу ОшТВ телеканалынан көрүүчүлөрү жана окурмандары! Социалдык тармактарда тарап жаткан “5737 гектар жер коңшу өлкөгө өтүп кетти”-деген маалымат жарыяланган эмес.

Интернетте бурмаланган маалыматтарды мүмкүн болушунча таратып өз кызыкчылыгын көздөгөндөр болууда. Урматтуу мекендештер азыр бизге тынчтык жана ынтымакчылык керек болуп турган учур.

Андыктан чек ара маселесинде жалган маалыматтарды таратпооңуздарды өтүнөбүз. Урматтоо менен ОшТВ телеканалынын жетекчиси Марат Акимбек уулу.

Жанылыктар