Ош технологиялык университетине ректор шайланбады…

Академик М.М Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ректорун шайлоо болуп өттү. Шайлоого окуу жайдын эмгек жамаатынан 439 кызматкерлер катышты. Ректорлук кызматка ушул убакка чейин Илим жана инновация иштери боюнча проректор Бакытбек Шамшиев жана учурдагы ректордун милдетин аткаруучу Абдимиталип Сатыбалдиевдер ат салышышкан. Шайлоонун жыйынтыгында Бакытбек Шамшиев 71, Абдимиталип Сатыбалдиев 144, баарына каршы 221 добуштар берилди. Кыргыз Республикасынын Билим берүү мыйзамдарында көрсөтүлгөн пунктарында ылайык, окуу жайга ректор шайланбады деп табылды. Эске салсак, Ош технологиялык университетинин ректорун 2020-жылдын ноябрь айынан бери өткөрүлбөй, кандидаттар арасында соттук териштирүү иштери жүрүп жаткан.