Ош-Тазалык ишканасына 12 жаңы техника тапшырылды (сүрөт)

Бүгүн, 25-январда Ош-Тазалык муниципалдык ишканасына 12 таштанды ташып чыгаруучу атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Европа Биримдигинин КРдеги элчиси Эдуард Ауэр жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы аймактык директору Айтен Рустамова катышты.
Жаңы техникалар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы, Европа биримдиги тарабынан каржыланган долбоордун алкагында алынган.
Аны менен катар Ош-Тазалык ишканасынын имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кызматкерлердин кабинетинен тартып склад, унаа жуучу жайынан бери жаңыланды. Ага кошумча кызматкерлер жана жумушчулар үчүн ашкана ишке берилди.
Алдыда долбоордун алкагында полигон куруу маселеси талкууланды.