Ош: Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысына козголгон кылмыш иши эмнеге кыскартылды? Жооп

 Ош: Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысына козголгон кылмыш иши эмнеге кыскартылды? Жооп

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Зулпукар Мазаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча козголгон кылмыш иши кыскартылды. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиргендей, былтыр келтирилген чыгымдар толугу менен мамлекетке кайтарылып берилгендигине байланыштуу айыл өкмөт башчысына козголгон кылмыш иши кыскартылган.

2019-жылы май айында Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Дыйкан-Кыштак айылынын Амир-Темур көчөсүндөгү бош жаткан 1 гектар 94 сотых жер тилкеси конкурска коюлган. Ага катышкан алты фирманын ичинен “Ош Строй Компани” аттуу курулуш компаниясы утуп жерди ижарага алган.

Айыл өкмөт башчысы Зулпукар Мазаевдин билдиргендей, “Ош Строй Компани” 24 миллион сом ижара акы төлөп, ижарага алган жерге көп кабаттуу үйдүн курулуш иштерин баштаган. Укук коргоо органдарынын териштирүү иштеринен кийин жерди аталган курулуш компаниясы сатып алган.

Мазаевдин айтымына караганда,”Ош Строй Компани” менен биринчи түзүлгөн келишим боюнча бир комнаталуу 15 батир, эки комнаталуу беш батир бере турган болгон. Мындан сырткары социалдык багытта эмгектенген айыл өкмөттүн кызматкерлерине батирлерди 20 пайыз арзандатуу менен бере турган болгон. Бирок үйдү элге бөлүштүрүүдө ызы-чуу чыгат деген жүйө менен айыл өкмөт башчысы 20 батирден баш тартып, анын ордуна көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатынан  1575 кв метр

“Текшерүү болгондон кийин батирлерди элге бергенде ызы-чуу чыгат деп биз кайра баш тартып, 1575 кв метр комерциялык обект алганбыз. Ошондо жалпы эсептегенде 104 миллион сом болду. “Көп кабаттуу үйдүн биринчи этажынан 1575  квадрат метр объект бизге бериле турган болгон. Ал социалдык багытта иштетилет. Көпчүлүгү ижарага берилет. Андан түшкөн каражат айыл өкмөттүн казынасын толтурууга иштетилет. Ошол акча менен дотациядан да чыгабыз”,- деди Мазаев.

Деген менен мыйзамсыз жер сатуу боюнча Зулпукар Мазевдин аты буга чейин бир канча жолу аталган. Мисалы 2019-жылдын декабрь айында Төлөйкөн айылынын тургундары маалымат жыйында Зулпукар Мазаевдин бир тууганы  «Токтосун» дыйкан чарбасынын 2000 чарчы метр жерин мыйзамсыз басып алгандыгын айтып чыгышкан. Тургундар ал жерге көп кабаттуу үй салына турганын билдирген.

Мындан сырткары былтыр март айында Мазаев Озгур айылындагы эски мектептин имаратын 27 миң сомго аукцион аркылуу саткан. Муну ал өзү да ырастап, бала бакча куруу үчүн сатканын айткан.

Жанылыктар