ОшТВ телерадиокомпаниясы

Ош шаарынын туристтик BRAND-BOOK — логотиби тандалды

 Ош шаарынын туристтик BRAND-BOOK — логотиби тандалды

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун буйругунун негизинде Ош шаарынын туристтик брендин иштеп чыгуу боюнча жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Атайын түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү конкурска катышкан дизайнерлердин сунуштамаларын карап чыгып, жеңүүчүнү аныкташты. Сынакка жетимиштен ашык дизайнер катышкан.

Жакынкы күндөрү Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардын туристтик брендин коомчулукка презентациялайт. Анын алкагында калаа башчысы Ош шаарында туризмди өнүктүрүү программасы, логотип, бирдиктүү фирмалык стили менен тааныштырат.

Жанылыктар