Ош шаарынын окуучусу Түркияда өткөн Эл аралык сынакта 1-орунду ээледи

 Ош шаарынын окуучусу Түркияда өткөн Эл аралык сынакта 1-орунду ээледи

Ош шаарындагы «Профессор П.Купуев атындагы билим берүү Академиясынын» 5-классынын окуучусу Дарига Тайлакбаева Түркиянын Адана шаарында өткөн «Yurt Сağdaş Kültür ve Sanat» аттуу онлайн музыкалык сынагында биринчи орунду багындырды.

Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, жеңүүчүнү Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кабыл алып, жетишкендиги менен куттуктады. Шаар башчысы жаш талантка ийгилик каалап, келечек муундардын талантын, аракетин, жөндөмүн колдоого даяр экенин билдирди.

Эми аталган сынактын жеңүүчүлөрү жана шаардагы мектептердин активдүү 10 окуучусу «П.Купуев атындагы билим берүү Академиясынан» акысыз билим ала алышат.  Анын максаты-көп балалуу үй-бүлөлөргө, ата-энесиз балдарга, мугалимдердин жана дарыгерлердин балдарына колдоо көрсөтүү максатталган.

Жанылыктар