Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы дайындалды

Канышай Имарова Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койгон.
Эске салсак, аталган кызматты буга чейин Сталбек Төрөбек уулу аркалап келген.