Ош мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси дайындалды

 Ош мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси дайындалды

Жумамидин Сулайманкулов Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койду.

Белгилесек, Сулайманкулов буга чейин “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын жетекчисинин орун басары кызматын аркалаган. Андан соң Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеп келген.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар