Өзбекстандын май куюуучу жайларында узун кезектер уланууда   

 Өзбекстандын май куюуучу жайларында узун кезектер уланууда   

Өзбекстанда күйүүчү май куюуучу жайларда да айдоочулардын узун кезектери болууда.

«Кечээ май куюу станцияларынын биринде эки жарым саат кезек күтүүгө туура келди. Акыры АИ-80 үлгүсүндөгү бензинди 8800 сумдан куйдурдум. Бир жыл мурда бензин 4 миң сум болчу. «Жаңы Өзбекстандагы» абал азыр ушундай», – деди ташкенттик айдоочулардын бири.

Facebook социалдык түйүнүндөгү «Ташкенттин айдоочулары» деген тайпанын айрым мүчөлөрү бир нече саат кезекте тургандан кийин да бензин куя албай калышканын жазып жатышат. Айдоочулардын айтымында, алардын кезеги жеткенде күйүүчү май жок калууда.

Өзбекстандын өкмөтү 2020-жылдын май айында АИ-80 үлгүсүндөгү бензин менен дизель отунунун бааларына киргизилген мамлекеттик көзөмөлдү алып салган. Андан бери өлкөдө эң чоң суроо-талапка ээ АИ-80 бензини туруктуу түрдө кымбаттап келет.

Монополияга каршы күрөшүү комитетинин маалыматына караганда, Өзбекстанда жыл башынан бери АИ-80 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы 72,1% жогорулаган.

«Өзбекмунайгаз» компаниясынын өкүлү өлкөдө бензиндин кымбатташына Казакстан алты ай мурда чет өлкөлөргө мунайды автоунаа менен ташып чыгууга тыюу салганы да таасир этүүдө.

Монополияга каршы күрөшүү комитетинин маалыматына караганда, азыр өлкөгө күйүүчү май негизинен Орусиядан ташылып келинүүдө.

Жанылыктар