Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов добуш берди

 Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов добуш берди

Ош шаарынын башчысы Алмаз Мамбетов №5278 шайлоо тилкесинде атуулдук милдетин аткарып, Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоого добуш берди. Калаа мэри шаардыктарды шайлоо жараянына активдүү катышып, өлкө келечегине кайдыгер карабоого чакырды. Ошондой эле бул ирет Кыргызстанда таза, ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө бардык аракеттер көрүлгөнүн билдирди.

Шаар мэриясы тарабынан парламенттик шайлоону өткөрүүгө бардык участкаларда шарттар түзүлгөн. Ош шаарындагы 78 шайлоо тилкесинде 154 миң шайлоочу катталган.

Жанылыктар