Ош шаарынын 2023-жылга карата бюджети 2,5 млрд сомду түздү

 Ош шаарынын 2023-жылга карата бюджети 2,5 млрд сомду түздү

default

Ош шаарынын 2023-жылга карата бюджетинин көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2 млрд 509 млн 306,2 миң сомду түздү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул 2022-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 156,8 %га өстү же 908 796,2 миң сомго көп.

Анын ичинен:

– салыктык кирешелер 2 023 126,2 миң сомду (жалпы бюджеттин 80,7%) түзөт;

– салыктык эмес кирешелер 356 180 000 сом (жалпы бюджеттин 14,1%);

– бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 130 000,0 миң сомду (жалпы бюджеттин 5,2%) түзөт.

2023-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды кошкондо 2509306,2 миң 2 сомду түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 908796,2 миң сомго көбөйгөн. 2023-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү тармактар боюнча төмөнкүдөй сунушталат:

– жалпы багыттагы коммуналдык кызматтар – 15,7%;

– коргонуу – 0,3%;

– экономикалык маселелер – 19,6%;

– турак жай-коммуналдык чарба – 36,2%;

– маданият жана спорт – 6,7%;

– билим берүү – 20,4%;

– социалдык коргоо – 1,1%.

– билим берүү – 20,4%;

– социалдык коргоо – 1,1%.

Исхак Туратбек уулу

https://oshtv.kg/

Жанылыктар