Ош шаарынын 2023-жылга бюджети бекитилди

Бүгүн, 14-февралда Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясында Ош шаарынын 2023-жылга бюджети бекитилди.
Шаардык бюджеттин көлөмү жалпы 2 509 306,2 миң сомду түзөт.
“Маалым болгондой 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2022-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 156,8 % га өсүп, 2 509 306,2 миң сомду түзүүдө”,-деп айтылат маалыматта.
Белгилесек, Ош шаарынын мэри быйылкы жылы калаа тургундарын ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык объектилерди куруу жана жолдорду оңдоо, шаардын борбордук жолдорунун кесилиштериндеги тыгындарды жоюу тапшырмасын берген.