Ошто каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Ошто эркек кишинин жансыз денеси каналдан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Сөөк Кара-Суу районунун Ишкаван айылындагы Көкүм-Бий көчөсүндөгү каналдан табылганы такталды. Куткаруучулар жансыз денени милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Эркектин өздүгү жана өлүмүнүн себеби такталууда.