Ош шаарындагы “Бакыт үйүн” оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат

 Ош шаарындагы “Бакыт үйүн” оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат

Ош шаарындагы “Бакыт үйүнүн” имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасынын негизинде вице-мэр Жасур Азимов жетектеген жумушчу комиссия иштин жүрүшү менен таанышты.

План боюнча, капиталдык ремонт быйыл аяктайт. Ага шаар казынасынан акча бөлүнгөн.

Жанылыктар