ОшТВ телерадиокомпаниясы

Ош шаарындагы өрттөн үч адам жабыркады    

 Ош шаарындагы өрттөн үч адам жабыркады    

Ош шаарында өрттүн кесепетинен үч адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Ленин көчөсүндө 360 чарчы метр турак жай толугу менен күйүп кетти. Өрт жакын жердеги үйгө да  өтүп,  анын чатыры күйдү.

Өрттүн кесепетинен 59, 56, 36 жаштагы үч адам жабыркады. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди.

 

Өрт тууралуу маалымат саат 2.00дөр чамасында түшүп, саат 06.02де толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Жанылыктар