Ош шаарында жергиликтүү Курултай өттү

 Ош шаарында жергиликтүү Курултай өттү
Бүгүн, 5-ноябрда Ош шаарында жергиликтүү Курултай өттү. Иш-чаранын алкагында шаардын жергиликтүү жамаатынын жыйындарында шайланган 500 делегаттын ичинен ушул жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Биринчи Элдик Курултайга 30 делегат шайланды.
Белгилей кетсек, жалпы элдик курултайга шаар, райондордон делегаттарды тандоо бүгүн башталды. Чакырылган элдик курултай курамы 1074 делегаттан туруп, административдик-аймактык бирдиктерден — 1036 делегат, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан — 28 делегат, конфессиялык коомчулуктардан — 10 делегат болушу керек.
Ал эми административдик-аймактык бирдиктерден делегаттардын шайланып келүүсүнө атайын квота каралып, 452 айыл аймагынын ар биринен экиден, облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден жана Бишкек шаарынан 60, Ош шаарынан 30 делегат болот.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар